"Ар бир күнүм тозокко айланды". Арменияда көзүнөн жаш ордуна кристалл чыккан кызга дарыгерлер кандай жардам көрсөтүүнү ойлонууда

Армениянын 22 жаштагы жашоочусу Сатеник Казаряндын көзүнөн жаш ордуна кристалл чыгууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылат.

Маалыматка ылайык, мындай илдеттин биринчи белгилери мындан 2 ай мурун башталган. Ал ооруп офтальмологго барганда, ал кыздын көзүнөн бир нече кристаллды алып чыккан. Ошол күндөн тартып ал көзүнөн кристалл алып чыгуу менен таңды тосот. Көзү канчалык көп ооруса, кристалл ошончо көп чыгат, айрым учурда ал 30 даанага жетет. Бейтап ар бир өткөн күнүм тозокко айланууда деп журналисттерге тартып жаткан түйшүгү тууралуу айтып жатат.

"Сатеник Казарянга дарыгерлер дары жазып беришип, ал дарыланганда кристалл азайып калган. Бирок кыздын абалы начарлап, дарыларды убактылуу токтоткондо кайрадан оорусу күчөйт. Ал көрүнгөн дарыгерлер ага кандай жардам көрсөтүүнү өз алдынча чече албай тургандыктарын билдиришкен. Жакын арада жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу анын абалы Армениянын саламаттыкты сактоо министринин орун басарына жетип, ал дарыгерлердин курамы менен консилиум өткөрөрүн маалымдаган. Учурда бейтап ак халатчандардын жардамын күтүп жаткан кези", - деп жазылат басылмаларда.

Дарыгерлер алдын ала анын оорусун цистиноз деп божомолдошууда. Цистиноз - аминокислотанын метаболизминин тубаса бузулушу. Бул дүйнөдө өтө аз кездешүүчү генетикалык оору. Анда адамдын денесинен кристаллдар бөлүнүп чыгып, бөйрөк жана көзгө күч келип ооруйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Petrovka
2019-09-22 14:07:51
Тооба
+4
Migrant-rf
2019-09-22 15:42:08
Тооба.
-2
Jelezo
2019-09-22 16:17:37
Айыгып кетсин.
+3
Bekturbek
2019-09-22 17:17:30
Аллах таала эмнени кааласа ал болот! Алланын Кудурети чексиз!!!
+10
bekov01
2019-09-22 17:17:48
Аллахым шыфаа берсин. Намаз окууну сунуштайт елем
+14
Nevestkaa
2019-09-22 19:53:07
Тообо ушундай да болот экен да.
+3
aliya-leyla
2019-09-23 11:39:08
Тооба кылдым
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан