Тажикстанда Орусиянын 2 аскери жаракат алды

Орусиянын Тажикстандагы аскердик базасынын 2 жоокерине кол салуу болду. Маалыматты орусиялык басылмалар жазууда. Ага ылайык, Хатлон облусундагы Бохтар шаарында Орусиянын 201-аскердик базасы жайгашкан. Анда кызмат өтөгөн эки аскер өздөрүнүн жумуштары менен шаарга чыгышкан. Ошол учурда аларга психикалык жактан ооруган адам бычак менен кол салган.

"Жабыркагандар денесинин бир канча жеринен бычактан жаракат алышкан. Аларды Дүйшөмбү шаарындагы ооруканалардын бирине жеткиришкен", - деп жазылат маалыматта.

Кийин аларга кол салган адамдын психиатриялык борбордо каттоодо турганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shankol88
2019-09-22 20:56:07
Эптеп ишти жабыш үчүн ошентип шылтоо табыптыр даа...
+8
Apyn8793
2019-09-22 22:02:40
Псих сайды деп жааптыр да ишти болбосо Россия таджиктерге корсотот эле.
+8
nazira...
2019-09-23 17:16:59
Ал псих неге кочодо журот. Же Кыргызстанда деле психтер кочодо журо беришеби. Коркунучтуу го анда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан