Британиялык 28 жылдык тажрыйбасы бар почточу соңку ирет катты дарегине 1 мүнөткө кеч бергендиги үчүн иштен алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Бирок коомчулук соттук процессттер жүрүп жатканда гана бул тууралуу билишкен. Роберт Локьер Эшфорд шаарында почточу болуп иштейт. Ал ошол күнү саат 13:00дө банкка жиберилген документти жеткирип бериши керек болгон. Айтылган дарекке барганда аны кабыл алган кызматкерде кезекте тургандар болуп, ал да кезек күтүп калган. Ошентип документ банк кызматкеринин колуна саат 13:01де жетип, кол 13:01де коюлган.
Бирок Локьер бул үчүн жумушунан алынган. Банк кызматкери почточу ага төрт мүнөт эрте келгенин, кезек күтүп туруп калганын айтканы менен жумуштан кетирүү чечими өзгөргөн эмес. Бул чечимге нааразы болгон почточу сотко кайрылган. Анткен менен сот да анын пайдасына чечкен эмес.
"Роберт Локьерго буга чейин 2 жолу эскертүү берилген экен. Ошондо дагы бир жолу ката кетирсе иштен алынары айтылган. Мындан улам жетекчилигинин чечими туура", - деген сот.
"Мен буга ишене албай жатам. Мен кайрадан иштегим келет, мурдагы милдеттеримди аткаргым келет. Балким мага Профсоюз жардам берет деп үмүттөнүп турам", - дейт почточу.