АКШда электрондук тамекиден улам өпкө оорусунун дагы бир түрү пайда болду

АКШда электрондук тамекини колдонуудан улам чыккан ооруну азырынча "сырдуу өпкө оорусу" деп катташты. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, мындай илдет АКШнын 38 провинциясында кезикти.

Ага ылайык, болжолдуу түрдө бейтаптардын саны 530га жетти. Алардын үчтөн эки бөлүгүн 18 жаштан 34 жашка чейинки жарандар түзүүдө, көпчүлүгү эркектер.

Электрондук тамекини колдонуудан улам чыккан деп болжолдолгон "жашыруун өпкө оорусунун" алгачкы белгилери апрель айында аныкталган. Белгилери кыйынчылык менен дем алуу, чарчоо, көкүрөктүн оорушу жана кусуу. Ооруга электрондук тамеки аппаратынын өзүбү же ичине салынган заттар себепчиби азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2019-09-23 17:19:36
кудай сактааа............
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан