Түркиядагы мейманканалар кардарларына буюмдарды сындырып, эс ала турган шарт түзө башташты

Түркиядагы мейманканалардын биринде эс алуучуларга өзгөчө кызмат сунушталды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты. Ага ылайык, мейманкананын коноктору “стрессти чыгаруучу бөлмө” деп аталган номерге тапшырык бере алат. Өзгөчө бөлмөдө идиштерди сындырып, компьютерди, сыналгы жана башка буюмдарды талкалоого уруксат берилген.

Ошондой эле кызмат Түркиянын дагы бир мейманканасында түзүлгөн.

Муну менен идеянын авторлору кардарларынын эс алуусун кызыктуу кылууну көздөшкөн. Мейманкананын ээсинин айтымында, бул кызматты колдонуучулардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 38 жашка чейинки эркек кишилер. “Стрессти чыгаруучу бөлмөгө” Скандинавия, Германия, Нидерланды жана Улуу Британиянын жарандары көп барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Neizvestno777
2019-09-24 14:13:00
Келсинчи Кыргызстанга колуна кетменди карматып талаага айдап жиберейин ,стреси чыкканын коройун ,болду башка керек эмес деп келбесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан