21-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фуркат айылында спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул маалыматты Ош ОИИБинин маалымат кызматынан тастыктады.
К.С. жана Р.у.Т. аттуу спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атышуу орун алган. Атышуунун кесепетинен Р.у.Т. оң санына ок тийип, ооруканага жаткырылган. Ош ОИИБинин маалымат кызматы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгендигин маалымдады.