Биз социалдык тармакта

16 жашка чейинки улуттук курама команда Азия чемпиондугуна чыга алган жок

Футбол боюнча 16 жашка чейинки Кыргыз улуттук курама командасы Азия чемпиондугунун финалдык баскычына чыга алган жок. 22-сентябрда Бишкекте F тайпасында 3-турдук оюн болуп, анда кыргыз футболчулары Ирак менен ойногон.

Оюн 3:0 эсеби менен Ирактын пайдасына чечилди. Бул жыйынтык менен Нурлан Букуев машыктырган улуттук курама команда тайпадан чыга албай калды.

Өз тайпасында кыргыз футболчулары Ливанды жеңип, БАЭ менен Ирактан жеңилди. БАЭ 3 оюнда 9 упай чогултуп, Азия чемпиондугуна чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2019-09-23 15:52:53
Ийгилик жарата албагандан кийин, тез арада машыктыруучун алмаштыруу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан