Грецияда полиция кызматкерлери 10 сириялык мигрантты өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармады. Алар украиналык волейбол курама командасы катары чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда грециялык басылмалар билдиришти.
Мигранттар аэропорттон колго түшүшкөн. Алар көрсөткөн украиналык паспорттор жоголгон жана уурдалган паспорттордун тизмесинде болуп чыккан. Алар бирдей спорттук кийим кийишип, окшош спорттук сумка көтөрүшкөн. Андан сырткары, эки волейбол тобу да бар болгондугун полиция кызматкери билдирди. Териштирүүдөн кийин алардын украиналык волейбол командасы эмес, сириялык мигранттар экендиги аныкталган. Аларга карата уурдалган жана жоголгон документтерди колдонуу менен өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүү аракетин көргөндүгү үчүн айып тагылып, кылмыш иши козголду.