Иран өлкөсүндө аялдарга футбол стадионуна кирүүгө жана күйөрмандык кылууга уруксат берилди. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино билдирди.
Иранда 1979-жылдан бери аялдарга күйөрмандык кылууга эле эмес, футбол талаасына баш багууга да тыюу салынган. Анын билдирүүсүнө ылайык, кийинки эл аралык оюндарга аялдар да бара алышат. Аялдардын күйөрмандык кылуусу менен коштолгон алгачкы оюн 10-октябрда өтө турган 2022-жылкы Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндарында Иран менен Камбоджанын беттеши болот.
Дээрлик 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан мыйзамдын жокко чыгышына ирандык айым күйөрмандык кылуу үчүн эркек кейпинде футбол талаасына кирүүгө аракет кылгандыгы себеп болгон. Ал кыз түрмөгө отуруудан коркуп, соттун мекемесинин алдында өзүн-өзү өрттөп салган. Бул үрөй учурган окуя бир гана Иранда эле эмес, башка өлкөлөрдө да көптөгөн талаш-тартышты жараткан. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы футболчулар жана футбол күйөрмандары каза болгон кызга аза күтүп, мындай тыюунун туура эмес экендигин билдиришкен.