Ысык-Көлдө үйлөнүү үлпөт кортежинде бара жаткан унаалардын бири журналисттер тобун сүзүп кетти. 7 адам жаракат алды
Бүгүн, 10-августта саат 11:30 чамасында Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда ири автокырсык болду. Үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаалардын бири жол четинде турган журналисттер тобун сүзүп кетти. Жабыркагандар аталган жерде "Ысык-Көл Гран-При" веложүрүшүнүн катышуучуларын күтүп жатышкан. Кырсыктан 7 адам, 5 журналист жана 2 жергиликтүү тургун жаракат алды. Оор жаракат алган журналисттердин бири Бишкекке алынып келинди. Калгандары жакын жердеги ооруканалардын бирине жеткирилди. Окуя болгон жерде ОИИБинин кызматкерлери болушуп, кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтешүүдө. Күнөөлөнүп жаткан айдоочу өтө жогорку ылдамдыкта келе жатканы белгилүү болду.