АКШнын президенти Дональд Трамп "Нобель" сыйлыгына татыктуу экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
"Эгерде аталган сыйлыкты адилеттүүлүк менен беришсе, мен көптөгөн эмгектерим үчүн ал сыйлыкка эбак татымакмын. Бирок "Нобель" сыйлыгы акыйкаттуулук менен тапшырылбай келет. Мисалы, мурдагы президент Барак Обамага президенттик кызматка келери менен "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. Мен сыяктуу эле ал өзү да кайсы жетишкендиги үчүн сыйлыкка татыгандыгын түшүнгөн эмес", - деди АКШнын президенти Дональд Трамп.
Белгилүү болгондой, АКШнын мурдагы президенти Барак Обамага 2009-жылы "эл аралык мамилелерди чыңдоого болгон аракети" үчүн "Нобель" сыйлыгы берилген болчу. "Нобель" сыйлыгынын 2019-жылдагы ээлери ушул жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин белгилүү болот.