Грецияда биринчи жолу эгиздердин фестивалы болуп өттү

Грецияда биринчи жолу эгиздердин фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматта жазылгандай, Грецияда мындай саамалык биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анда бардык эгиздер Трикала шаарында чогулушкан. Фестивалдын идеясы 37 жаштагы эгиздер Катерина жана Афанасиге таандык. Алар мындай иш-чараны өткөрүүнү кичинекей кезинен эле кыялданып келишкен. Фестивалга кичинекей бөбөктөрдөн тартып өлкөнүн 78 жашка чейинки 172ден көп жуп эгиздер, үч эмдердин 6 тобу катышты. Алар иш-чарага окшош кийимдерди кийип келишкен.

Буга чейин мындай иш-чара Украинада болуп өткөн. Анда жүздөгөн эгиздер окшош кийимдерди кийип, ал гана эмес кээ бир ата-энелер балдарына окшош кийинишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2019-09-25 06:07:21
Магада үч эм же 4 эм берсе соонун болот эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан