Индияда жүрөгү көрүнүп турган ымыркай төрөлдү

Индиянын Харьяна штатында жүрөгү денесинин тышында жайгашкан ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылган. Ооруканада тартылган видеодо ымыркайдын көкүрөк тушунда жүрөгү согуп жатканы көрүнүп турат. Дарыгерлердин айтуусунда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү мындай патологияны “жүрөктүн эктопиясы” деп аташат. Тилекке каршы, мындай балдар 1 жылга жетпей каза болуп калышат. Алардын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү он пайызды гана түзөт. Буга чейин 1975-жылы туулган америкалык Кристофер Уолл 34 жашында каза болгон. Ал мындай патология менен төрөлгөндөрдүн арасында эң узакка жашаганы болгон.

Индияда жүрөгү тышында болгон ымыркай төрөлдү(сезгенчек адамдарга көрүүгө болбойт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aimani
2019-09-24 14:24:17
Дагы индияда.
+2
Aikaaaa
2019-09-24 20:51:34
Иий өзү да кыйналбай, элди да кыйнабай өлүп эле калганы жакшы го ((((
0
Paprikafm
2019-09-25 00:07:24
Эмнеге индияда ушундай боло берет, туугандар эле баш кошо беришеби же...
0
mira28
2019-09-25 12:43:17
Paprikafm, Индия ото балит олко.Олукту сууга орттоп ошол суудан иче беришет.Антисанитария.Ошондуктан эн сейрек кездешуучу патология менен наристелер жарык дуйного келет.
0
nur72
2019-09-25 11:32:51
Ий абдан аянычтуу байкуш наристе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан