Пакистандагы жер титирөөдөн 5 адам каза болуп, жүздөн ашыгы жаракат алды

Пакистанда күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн толкуну бир катар ири шаарларга чейин жетти. Кыйроодон жабыр тарткандарга жана куткаруу иштерине аскерлер тартылган. Азыркы учурда 5 адамдын каза болгону такталып, жүздөн ашык жарандар жабыр тарткан.

Исламабад, Лахор, Фейсалабад, Даск, Пешавар, Чиниота, Мансехр, Батаграм, Торгхар, Мирпур, Бхимбер, Желум, Манди жана Бахауддин шаарларында бир катар имараттар жана жолдор кыйроого учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан