Кыргыз спортчусу Денис Петрашов сууду сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдеш Индиянын Банголор шаарында 24-27-сентябрга чейин өтүүдө. Петрашов чоңдор арасында 100 метр аралыкка сүзүүдө 1 мүнөт 1,88 секундда марага жеткен.
Ал эми 15-17 жаштагылар арасында 50 метр аралыкка сүзүүдө Елизавета Рогожникова дагы күмүш медаль утуп алган.