Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөдөгү тазалык кампаниясы үчүн Билл Гейтсттин колунан сыйлык алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматтка ылайык, "Global Goalkeeper Award" сыйлыгын премьер-министрге Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтст Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясында тапшырган.
"Махатма Гандинин тазалык боюнча кыялдары реалдуулукка айланып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун "Таза Индия" кампаниясы 300 миң адамды ар кандай оорулардан сактап калган. Мындан өткөн жакшы нерсе жок болушу мүмкүн", - деди Моди.
Индия өкмөтү Модинин жетекчилиги алдында 2014-жылы "Таза Индия" кампаниясы өз ишин баштаган. Бул кампаниянын максаты - 2019-жылдын 2-октябрына чейин Махатма Гандинин 150 жылдыгына карата өлкөнү таштандылардан тазалоо. Акыркы жылдарда өнүгүү үчүн миллиондогон каражаттарды жумшаганына карабастан, Индиянын шаарлары рейтинг боюнча лидер шаарлардын аягында, планетадагы эң кир жер бойдон калууда.