Кечээ, 24-сентябрда орусиялык "Россия 1" каналында "Прямой эфир" теле берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда Кыргыз жаранын кылмышка күнөөлөдү.
Аталган берүү Москвада каза болгон миллиардердин баласы Александр Маруговдун өлүмүнө арналган. Аталган кылмышка шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөн Исламбек Акбаров кармалган.
Эскерте кетсек, жол кырсыгы 8-июлга караган түнү Москвада орун алган. Анда такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кийин ал колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер
Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени
аныкталган.
Эфирдин жүрүшүндө Малахов аталган жол кырсыгы кокустук эмес экендигин, атайын буюртма болушу мүмкүн экендигин божомолдогон. Бул сөздөрдү студияда отурган адамдар колдогон. Ал эми ал жакта отурган коомдук ишмер Роман Худяков ачык эле кармалган Исламбек Акбаров бирөөнүн буюртмасын аткарганын айтып чыккан.
Ал эми каза болгон жарандын апасы эч кимди күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Ошондой эле ал студияга келип, кылмышка шектүүнүн жана анын туугандарынын атынан көңүл айтып келген элчиликтин өкүлүн жана жактоочунун сөздөрүн кабыл алган. Мындан сырткары, маркумдун апасы шектүүгө эч кандай дооматы жок экенин билдирген.
Буга карабастан алып баруучу Малахов: "Унааны 20 жаштагы башка өлкөдөн келген мадыра баш башкарып бара жаткан. Ал такси кызматында иштегенине бир нече эле ай болгон. Ага 100 миң доллар берсең анын үй-бүлөөсү, бүтүндөй айылы бактылуу болот. Алар эч качан мындай акчаны таба алышпайт", - деген сөздөрдү айткан.