Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнө чөгүп кетерде 13 жаштагы баланы ӨКМнын куткаруучулары аман алып калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Окуя 9-августта кечки саат 18:00дө болгон. Алгач жасалма дем алдыруу жолу менен баланы өзүнө келтирип, өмүрүн сактап калышты.