"Той, той, той. Мына бүгүн той, той..." 28 жашында 7 балалуу болгон келин бир күндө 7 той бергени жатат

Кыргызды төрөлгөнүнөн тарта көз жумганга чейин түрдүү ырым-жырымдар, той-топурлар коштоп келет. Меймандос келген элибиз конок тосконду, той бергенди жакшы көрөт. Кыргызда тууган-урукту, жоро-жолдоштун башын бириктирип, черин жазып той берүүнүн эң башкы максаты - элден бата алуу болуп эсептелет эмеспи.

Ушундай максатты көздөгөн үй-бүлө жакында бир күндө 7 той өткөрөт. Бир күндө 7 той берүү көпчүлүктүн эле колунан келе бербесе керек.

Үй-бүлөнүн жакын туугандарынын бири Толкундун билдиргенине ылайык, жаш жубайлар мындан 10 жыл мурун баш кошушкан. Талантбек Кожобеков 43 жашта болсо, Айнура Жолдошева 28 жашта. Он жыл аралыгында түгөйлөр 7 балалуу болушкан. Алардын эң кенжеси эгиз кыздар. Жолдошева "Баатыр эне" орденин алган.

"Талантбек биринчи турмушунан жолу болбой ажырашып, 2 кызын өзү менен алып калган. Ал эми Айнура Талантбекке 17 жашында турмушка чыккан. "Жаш экендигине карабай, Талантбектин 2 кызын өз кызындай көрүп, мыкты тарбия берип, эми минтип уядан учуруп отурат", - дейт Толкун.

1999 жана 2000-жылкы кыздары бойго жетип, аларга куда түшүп келгендердин саны күн санап көбөйгөндүктөн, түгөйлөр чоң үй курууну чечишкен. Талыкпаган аракеттин артынан быйыл минтип үйүн да куруп бүтүшкөн.

Ал эми жакында түгөйлөр бир күндө 7 той бергени жатышат. Алар:

1-жаңы ак өргөөсүнүн тою

2-эгиз кыздардын жентек тою

3-2 баласынын сүннөт тою

4-улуу 2 кызынын кыз узатуу тою.

Бир күндө 7 жакшылыкты бир өткөрүп, элден бата алайын деген жубайлардын азыркы тапта буту-бутуна тийбей, чуркап даярдык көрүп жаткандыгын тууганы кабарлады. Жакынкы арада окурмандарды өзгөчө тойдон мыкты фоторепортаж күтөт.

28 жаштагы келин 9 баланы тарбиялоодо. Жолдошу экөө бир күндө 7 той бергени жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
bond02
2019-09-26 09:30:07
Бир ок менен эки эмес жети коен ат болуптур да, молодец.
+26
aiba.8327
2019-09-26 13:21:50
Аа дурус улгу болуптур да кээ бироолор го....
+5
karabet
2019-09-27 08:33:19
aiba.8327,мындайлар тотура ар бир айылда.
-1
Jacob.
2019-09-26 13:29:18
Азаматсыңар, азыр элдер тойдун санын көбөйтүп эптеп элден акча чогултмай болуп калды. Ушул үй-бүлөөдөн үйрөнгүлө!
+3
Eli.91
2019-09-26 13:49:14
Менимче Нурлан Насиб Аваз Самаралар жакшылап уйронуп алышса болгудай экен.
+10
taalay25
2019-09-26 15:54:15
Менин жээнимдин аялы 24 жашында 6 балалуу болгон
+3
kaidasyn
2019-09-26 23:06:17
Бактылуу болушсун
0
karabet
2019-09-27 08:31:24
kaidasyn, просто так алма быш оозума туш деп бакыт тушуп калбайт. Ал таалыбас эмгек жана каражат. Билим алыш керек бешигинен баштап. Вот ошондо анан нормальный жумуш табат, нормальный бактылуу болот. Ушу биз ооминдерден жадабайбыз да, конкреттуу кадамдарды жасагандын оордуна
-2
nurka_85
2019-09-27 09:16:42
karabet,Кудайды карачы айланайын, ар бир бала оз ырыскысы мн торолот. Сенин ошол билимдуу балан таш журок,мерез болуп, билимдуумун деп сенин баркынды билбей, асмандан тушкондой болгондо тообана таянасын. А азыр баландын ыйманын, ден соолугун тиле, ар кимдин соц.абалы ар башка. Мен деген кыйындардын баары эле жонокой уй булолордон, айылдагы мектептерден эле чыккан. Кыйынчылыкты баштан откорбогон адам эч нерсенин баркыг билбейт. Асмандан тушкондой болуп калат.
+2
karabet
2019-09-27 09:47:04
nurka_85,а эмнеге балдар контейнерлерде окуп атышат. Кана ырыскысы ?? Жооп беринизчи ушуга ?

Ырыскы деген мээнет менен келет. Алма быш оозума туш деп торой беруу эмес.
0
karabet
2019-09-27 10:02:45
nurka_85, сиз кудайды эмес, статистиканы караныз. двордо айылдан келгендердин балдары мурдунан манкасы агып, жалгыз ойношот. Машина тепселеп кетиши мумкун деп ата энелери коркпойт. эмнеге кормок эле, дагы тороп алабыз дешет да. Акчадан башка эчтеке кереги жок аларга
-2
karabet
2019-09-28 08:48:50
nurka_85,коруп жатам ошол айылдык балдарды, ата энесин сыйлашат ооба, бирок аялын тепселетет, коргобойт, мама-папасынын созунон чыкпайт. Озунун аялын айылдык кайненесине-мамасына тебелетет.

Мага ошолорду пример кыласынбы? Да ну на фиг. Лучше шаардык билимдуу мерез болгону жакшы. озун озу багып. мага жалдырабай. келинибизди тепселебегенге, кийлигишпегенге менин билимим жетет.

Сен озун деле шаардык жигит издейсин, айылдыктарды мактайсын, бирок тийбейсин, алар сабашат. би
-1
nurka_85
2019-10-01 15:06:19
karabet,Соз жок адам экенсин кыскасы эсен бол.
Сен айткандын баары эле туура эмес.Ар ким оз денгээлине жараша ой жугуртот.
0
Eli.91
2019-10-04 09:15:19
karabet,
Мейли жазганынардын Баарын окуп тообо келтирип жакамды кармадым. Силерге 1 суроо берейинчи. 1-2балалуу болдун дейли бирок Аларды жаратканда Алла алуучуда бир Алла.Сенин колундан иш кетип козундон нурун очкон учурда ошол балдарындыда (Кудай ОЗУ сактасын) алып койсо эмне кыласын? Алла Таалам сенин балдарына кепил берген эмесда мынча жашайт деп туурабы?Ошондо ушул айткан создорун учун окуносун.Азыр адамдар эч мамлекеттен жардам кутбой калган. Кайра кобу жакшы бирини-бири жетелеп онуг
0
karabet
2019-10-05 21:01:41
Eli.91, Мен жаман ойлогум келбейт. Кудай андай жамандан озу сактасын. Мен озум мисалы аз балалуу болгонумдун дагы бир себеби аялымдын ден соолугун ойлойм. Ар бир жыл сайын устудогулордой болуп заряддай бербей. Детдомдон дагы 3-бала багып алсам деп кыялданам. Бала кааласанар толтура детдомдо. Просто карап жоопкерчиликтуу жакшы урбай сокпой суйуп чонойткондор ото аз. Бала деген тоок мал карабай окусун окуш керек. Детский труд колдонулбаш керек
0
karabet
2019-10-05 21:04:44
Eli.91, негизи мен жакшы ой менен жазып жатам. Ошол балдарына куйомун. жаман новостилерди окуп куйомун ичим ооруп. элдер же билими жетпейби, тескери кабыл алып жатат. А так мен деле аллахка сыйынам.
0
Aynura87
2019-09-27 09:14:40
Талантбек, Айнура АЗАМАТСЫНАР! Аллах колдосун силерди. Дагы да кобойгуло. Аллах уй булоонорго бекем ден-соолук, пайдалуу, узуун омур берсин.
0
karabet
2019-09-27 10:00:26
Aynura87, сиз озунуз чын айтсаныз озунузго, 6 бала торойсузбу. 6 эмес, 2 бала багыш кыйын азыр. Аркасынан караш керек 24 саат, машина сузуп кетпесин деп. двордо толтура айылдан келгендердин балдары без присмотра ойношот,тан калам ата-энелерина кантип жалгыз чыгарат. мурдун жарат, машина пипилдетет. бироо уурдап кетсе эмне болот. тепселеп кетсечи машина. ыйлайсынар анан аллах аллах деп. Кудайга тообо
-2
Eli.91
2019-10-04 09:26:35
karabet,
Адамдар бала дегенде ак эткенден так этип журушот. Мейли берсе торогонго эмне жетсин.Озумду эле айтайын бир кыз торогон бойдон торой элекмин аралдан 6 жыл отту сактанган жокмун Умутум бир Алладан Инш Алла берсе тороп алам.Озумда 7 бир тууганын эн кичуу иним 14-жашында кайтыш болуп калган.Ата-энем эчкимден жардам сурабай эле чонойтушту баарыбызды окутту баарыбыздын жашообуз Аллага шугур ортобуз бай эмесбиз кедей эмесбиз. Бироодон 1 сом сурабайбыз.Жашообуз соонун Аллага шугурлор айт
0
karabet
2019-10-05 21:10:23
Eli.91, мен кудайдан сурайм аманчылыкты. озум да бут аракетимди жумшайм. Мисалы автоунама детский кресло алгам, баламды только ошого отургузуп журом. ансыз журбойм. озум жарылсам мейли, балам аман болсун. билесизби кырсыктан ошол кресло кандай сактайт. Сактанганды кудай сактайт. А вот айылдан келгендер, жаман корбогуло, понятиясы жок таптакыр. Лексус минсе дагы, баласын ойлоп койбойт. Карашпайт такыр. Меники лексус эмес жонокой авто. Бирок баламды 1 орунга коем коопсуздугун.
0
Eli.91
2019-10-04 09:33:52
karabet,
Бирок менин бир окунгонум ошондо дагы козумо аз корунот.Дагыда тороп койгон эмес экен 10-го жеткирбептир деймин. Жакшылыктада жамандыктада жанында ТУРГАН жакындарын. Колдоо корсотконда бир тууганын.Башына оор кундор тушкондо башындан сылап жакшы созун айтып бутка тургузганда бир-тууганын.Айта берсен бутпос бир-тууганындын Жакшылыктары.Сен олсон баланды Ким жубатат Ким жолок болот баланса. Суйонору барбы? Ошондо айтат балан мени жалгыз кылбастан коп эле торобопсун апа дейт.
0
karabet
2019-10-05 20:47:20
Eli.91,сиз адекватту жазыптырсыз без оскорблений. Мындай да. Силердин уй булонор ынтымактуу экен. Бул жакшы. Бирок мен коруп эле журом, бир бирин сынашкан талашкан бир туугандар коп. Экинчиден, азыркы заманга 2 бала жетиштуу го деп ойлойм. Аз эмес, коп эмес. Жер ресурстары ченелуу. 100 жыл мурун элдин жалпы саны бер нече миллион эле болгон. Азыр 9 миллиард. Зачем ?? Эликтер кырылып жок болуп жатат. Талдар кыйылып. Индияда отун жок ишенесизби. Бизде деле ошентип бара жатат
0
karabet
2019-10-05 20:50:30
Eli.91, Жети огуздо карагайларды кыйып отун кылып жылынышат. Арсланбопто кой эчкилерин жайып токой жок болуп баратат.
Биздин чон апаларыбыз 10 торочу. Туура кылышчу. Ал кезде медицина жок балдар коп чарчашчу. Азыр кудайга шугур, балдар почти баары аман торолуп чоноюшат. Илгери адам орточо 25-30 жашка чейин жашашчу экен. Азыр 60-70 чыгат. Ошону эске алып, азырак ченеп торосок. Медицина бар, жакшы карасанар балдарынар аман эсен болот. Мурункудай кылыштын кажети жок
0
karabet
2019-10-05 20:53:36
Eli.91, Кечирип коюесуз, жеке суроо берсем болобу. Сиз кышында эмне менен жылынчусуз ? Экологиялуу электр энергиясын эмес, карагай отун кыйып жылынсанар керек. Ойлонсонуз, табиятка канча зыян келтирдинер. Баарыбыз, мен да зыян алып келем. Пока германия эмеспиз. Бирок зыянды азырак кылганга аракет кылып, немистердей болуп билимге, санга эмес, сапатка басым койсок туура эмеспи
0
karabet
2019-09-27 09:52:02
Мисалы илимпоздор ИГИЛдин пайда болушун изилдегенде коп контролу жок торгондон экен. Арабдар тууй бериптир. Илгери балдардын жартысы медицина жок кезде чарчашса, азыр медицина менен баары аман эсен болуп коп тороло баштаптыр. Жумушсуздардын армиясы пайда болуптур. Жумушсуздуктан анан ИГИЛге кирип кетишиптир, башка жумуш болбогондуктан.

Мисалы согуштун да себептери ушундан, жер ресурстары ченелуу кана. Адамдардын саны кобойсо суугаруу сууларды талашат, чек арада коруп жатабыз.
-1
karabet
2019-09-27 09:55:06
Мен айтканды такыр укпайт экенсинер. Окугула. Кино корбой, кочодо допуроп баспай. Мени тушунбой жатасынар. Билим жетишпей жатат силерге, мен силерди тушуном. Гректерде илгери Аристотелдер чыккан. Кыргыздар азыр [moderated] баары бар, дагы деле ункурдон чыккан билимсиз карангы жапай этикасы жок болуп журосунор кудайга тобо
-1
ainura220888
2019-09-27 12:44:39
karabet,сен билимдуу ушунча жазсан. Билимсизибиз кайсы сайда калдык. Сага окшогон егоистер аз болсун. Менда 7бир тууганмын. Баарыбыз жогорку билимдуубуз. Атам чабан болгон омур бою. Баарыбыз окуп сокуп жакшына эле журобуз. Сен учун биз чымын чиркей экенбизда. Сасыган ооздон ириген соз чыгат дейт. Ата энен жакшы тарбия бербептир сага. Алган билимин ой жугуртун менен дал келбейт экен. Денгелин ото томон ичин таар, бироонун ийгилигине суйуно албаган кара муноз адам экенсин. Аман эле бол.
+1
Ziregim
2019-09-27 13:24:06
karabet,сен этикалуу болуп жазган жомогун ушулбу, шаардык билимдуумун деп ойлоп атасынбв озунду, ошол айылдыктар болбосо чек арада турбаса, сен энендин койнуна кире качмаксын, андай билимдуу экенсин чек араны кайтар анда, бул жерде шаардык чычым болбой, ошол эр журок баатырдын баары айылдан чыккан, Манас атабыз, Чынгыз атабыз, Курманжан Датка апабыз, шаардан баатыр чыкканын коро элеемин, но голубойлор чыгат шаардан
+1
raykray
2019-09-27 12:29:59
Мынча соонун уй булоо,балдарга Ден соолук атаэнеге Узун омур,кыздарга чексиз бакыт каалайм!!!
0
admin_portal
2019-10-07 09:56:37
Mister-X, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан