Талас облусунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жолдорду суу жеп, айдоо аянттарын суу каптаганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-августта Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында 20 гектар көп жылдык чөп жана 10 гектар төө буурчак себилген жерди сел суусу каптаган. Ошондой эле Көк-Таш айылында “Кызыл-Жар” каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 18 гектар көп жылдык чөп жана 12 гектар төө буурчак себилген жерди суу каптаган. Каналды тазалоо иштерине “Үрмарал” биримдик федерациясынан 1 экскаватор, райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана айыл аймагынан 97 адам тартылып, 10-августта жумуш толук аяктаган. Мындан сырткары селдин кесепетинен Кара-Коюн ички чарбалык жолунун 8 чакырым аралыгын беш жеринен суу жеп кетип, жол каттамына кыйынчылык жаралган. Турак үйлөргө коркунуч келтирилген эмес. Учурда Бакай-Ата райондук Жарандык коргоо комиссиясы иш алып барууда.