Бүгүн, 25-сентябрда футбол боюнча өлкө Кубогунун жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алды. Анда Бишкекте "Дордой" "Алганы" кабыл алса, Кочкор-Ата шаарында "Нефтчи" "Академия-Лидер" менен кез келди.
Бишкектеги оюн "Дордойдун" пайдасына 4:1 эсеби менен чечилди. Биринчи оюнда "Дордой" "Алганы" 3:2 эсебинде утуп алган.
"Нефтчи" "Академия-Лидерди" 5:1 эсебинде жеңип, финалга аттанды.
Финалдык оюн 27-октябрда өтөт. Кайсы жерде болору азырынча аныктала элек.