Кытайдын борбору Пекин шаарында дүйнөдөгү эң ири эл аралык аэропорт ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
"Дасин" деп аталган аэропорт расмий түрдө 30-сентябрда ишке кирмек, бирок бүгүн алгачкы каттамдар келе баштады. Аэропортту куруу иштери 5 жыл мурун башталып, ушул жылдын жай айларында бүткөн. Жалпы баасы 11 миллиард 7 миллион долларды чапчыган.
"Дасин" аэропорту Пекин шаарынан 46 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жылына 45 миллион адамды тосуп алары күтүлүүдө.