Париждеги мейманканалардын бирине белгисиз адамдар кирип, Франциянын аскер-өндүрүш тармагындагы "Thales" ишканасынын кызматкеринин жашыруун маалыматтар камтылган 2 ноутбугун уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Морепа аймагында катталган. 60 жаштагы кызматкер тамактануудан келгенден кийин ноутбуктарын таппай калган. Ал дароо полиция кызматкерлерин чакырган.
"Thales" компаниясы ноутбуктар уурдалып же жоголуп кеткенде иштебей кала турган функция менен камтылганын билдирди.