Алжирдин чыгыш тарабында төрөт үйүнөн өрт чыкты. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, тилсиз жоонун кесепетинен жаңы төрөлгөн 8 ымыркай чарчап калды. Өрт 24-сентябрдын таңында башталган.
"Биз 11 ымыркайды, 37 аялды жана төрөт үйүнүн 28 кызматкерин куткарып калууга үлгүрдүк. Сегиз баланын чарчап калганына аябай өкүнүп жатабыз. Алардын айрымдары күйүктөн, кээ бирлери иске ууланып чарчап калышты", - деген жергиликтүү куткаруу кызматынын башчысы.
Өрт Алжирдин Уэд-Суф деп аталган аймагында болгон. Бул 18 ай аралыгында аталган аймактагы төрөт үйүндө катталган 2-өрт. Өткөн жылдын май айында дагы төрөт үйүнөн өрт чыккан. Бактыга жараша каза болгондор болгон эмес, бирок имаратка көп зыян келген.