Ошто унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, эки адам жаракат алды

10-августта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айылындагы автоунаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, 1985-жылы туулган Ильяс Мойдунов жана 1973-жылы туулган Шерзад Абдувахидов аттуу жумушчулар жаракат алышты. Аталган унаа оңдоочу жумушчулардын денеси күйүккө кабылып райондук ооруканага жеткирилген. Техникалык тейлөө станциясынын ээси С.Айлоков аттуу жаран экени белгилүү болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан