Жалал-Абад. Жарым жылда шаарда жумуш издеген 1058 жаран каттоого алынды

Жалал-Абад шаарындагы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Зияда Алиеванын айтымында, жыл башынан бери шаарда жумуш издеген 1058 жаран каттоого алынды. Анын 472си аялдар. "Алардын 499у жумуш менен камсыз болгон. Кайрылган жарандарга кеп-кеңештерди берип турабыз. Жыл башынан бери бизден 1955 адам ар кандай багытта кеп-кеңеш алса, анын 428и жаштар болду. Мындан сырткары кыска мөөнөттүү ийримдерге 152 адамды жөнөтсөк, анын 106сы айымдар. Коомдук акы төлөнүүчү иштерге 99 адам жиберилди",- дейт Алиева. Мындан сырткары 14 жаранга 50 миң сомдон чакан насыя берилген. Иш издеп кайрылгандардын көпчүлүгүн 18 жаштан 55 жашка чейинкилер түзө турганын кошумчалады Алиева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан