Онкология оорусу менен күрөшүп жаткан 48 жаштагы орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк эсине келгенден кийин, ага нотариус адиси кирип чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Так маалымат жок. Бирок бейтапкананын кызматкерлери актриса мурас кагазын жазганын айтып жатышат. Ага ылайык, мурас байлыктарына 500 миллион рубль, Ялтадагы жана Москва шаарындагы батирлер, Крекшинодугу үйү, бир нече автоунаалар кирет", - деп жазылат маалыматта.
Анын мураскерлерине апасы Валентина, жолдошу Пётр Чернышев жана балдары кирет. Анастасия Заворотнюктун ден соолугу быйылкы жылдын апрель айынан баштап начарлап, ооруканага жаткырылган.