Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө кургак учук илдетинен каза болгондордун саны 100 миң кишиге 8,2 адам туура келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кургак учуктан каза болгондор Чүй облусунда көп кездешет (100 миң кишиге 13,8 жаран). Талас облусунда 100 миң кишиге 10,7 жаран, Нарын облусунда 12,1 жаран, Бишкек шаарында 10,4 жаран, Ош облусунда 100 миң кишиге 10,2 жаран туура келет.