Франциянын өзбек жана кыргыз теннисчилери макулдашылган оюнга катыштыгы бар деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Франциянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, теннисчилер 24-сентябрда Клермон шаарында өткөн мелдештен кийин кармалган. Спортчулар Понтуазе шаардык сотуна алынып келинген.
Өзбек теннисчиси Францияда ушул жылдын март айында Гоннези шаарында өткөн мелдеште атаандашына атайын утулуп берген деп шектелүүдө. Кыргыз теннисчиси бул оюнду уюштурганга көмөктөшкөн деп айыпталууда. Белгилүү болгондой, бул мелдешке Өзбекстандын атынан Алина Хабибулина катышкан.
Ал эми азыркы учурда Клермон шаарында өтүп жаткан мелдеште Алина Хабибулина жана Кыргыз өлкөсүнөн Ксения Палкина катышкан.
Орто Азиядан Франциядагы мелдешке аты аталган теннисчилерден башка катышкан эмес.