Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, Өзбекстанда көк бөрү эмес, көк пар боюнча Дүйнө чемпиондугу өтмөй болгон.
"Федерация кеңеш өткөрүп, бул мелдешке катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алдык. Чемпиондуктун эрежеси бизге жаккан жок, анткени көк бөрү эмес, көк пар оюну менен өткөрүлөт экен. Биз бул оюндун эрежеси менен ойнобойбуз", - деп билдирди Көк бөрү федерациясы.
Дүйнө чемпиондугу Ташкент шаарында өткөрүлөт.