Залкар акын Байдылда Сарногоевдин кызы көп жылдан бери Италияда жашап, иштейт

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева менен интернет түйүндөрүндөгү байланыш аркылуу сүйлөшүп, маек алуу насип болду. Анткени акындын кызы учурда алыскы Италия өлкөсүнүн Фолиньо деген шаарында жашайт. Гүлсана Сарногоева кичи пейил, жөнөкөй жана билимдүү адам экени сүйлөгөн сөзүнөн улам билинип турду.

Гүлсана Сарногоева күнүмдүк жашоодо италянча сүйлөп, Кыргыз өлкөсүндөгү туугандары менен кыргызча баарлашып турат экен. Ал маек учурунда “эгер туура эмес сүйлөп койсом, тамгаларды жутуп алсам кечирип коюңуз” деп кичи пейилдик менен кайрылып жатты.

- Гүлсана эже, сиз менен сүйлөшүп жатканыма кубанычтамын. Алгач эле Италия өлкөсүнө кантип барып калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Рахмат. Кино тармагында иштеп бүткөнүмдөн кийин Италия өлкөсүн көрүп келейин деп үч айга виза ачтырып, Италияга жол тарткам. Рим шаарына келип бир топ тарыхый жерлерин, музей, театрларын көрүп, андан соң иш чыгып калса иштеп көрөйүн дедим. Бир таанышым Патриция аттуу айым менен тааныштырып, Жулия аттуу кызын мектепке алып баруу тууралуу сунушун киргизди. Мен макулдугумду берип, Патриция айымдын үйүнөн жай алып иштеп калдым. Башында италян тили жагынан кыйналганым эле болбосо ишти жакшы өздөштүрүп, визам бүткүчө иштеп калдым. Кыргыз өлкөсүнө келип кайрадан кино тармагына кирейин десем орун жок болуп калды. Башка жумушка орношоюн десем маянасы аз. Ата-энем пенсионерлер болушса, алган айлыгым аз болсо аларга кантип жардам берем, жашоо-турмушум кандай болот? деген ар кандай суроолор башыма келип туруп алды. Ошол кезде Италияга барып, ишке ала турган киши ( lavoro subordinato) мыйзамдын чегинде чакыруу кагазын жиберип, жол акысын да төлөп берчү.

Ишке бара турган киши чакыруу кагазын, паспорттун көчүрмөсүн, 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт, медициналык күбөлүгүн көтөрүп алып, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине барып тапшырып койсо, алар Москва шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу өкүлчүлүгүнө жиберишчү. Алар ошол жердеги Италиянын консулдугунан виза ачтырып, ишти бүтүрүп беришчү. Мени дагы италиялык таанышым ошол жол менен ишке чакырган. Италияга кетээрден мурун ата-энемден, бир туугандарымдан алыс кетип жатканыма ичим ачышып, Кыргыз өлкөмдү кыя албай ыйлагым келгени дале көз алдымда турат. Аягында ичимен: "Жок, Гүлсана, белиңди бек бууп Италияга жол тарт, иште!" дедим. Бул жакка келгенден кийин италянчаны өздөштүрүп, Рим шаарында иштеп калдым.

- Италияга келгенден кийин өз кесибиңиз менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болдубу? Алар сизди кандай кабыл алышты?

- Италиялыктар мени жакшы кабыл алышты. Ал эми жумуш жагынан алганда өз кесибим боюнча иштегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен "Tele+Stream" деген дүкөндө сатуучунун жардамчысы болуп эки жыл иштедим. 2007-жылы Рим шаарындагы RAI (Италиянын радио, телекөрсөтүүсү) "Alle falde del Kilimangiaro" деген телеберүүнүн редакциясына жумуш сурап кайрылдым. Винчэнцо аттуу редактор мени көрүп, андан соң үнүмдү угуп көрүп, документимдин көчүрмөсүн алып калды. Бир күнү ал мени чакырып "Кыргыз тилин италиялыктарга табышмак катары айтып бересиң, кимиси жандырмагын тапса, акчалай сыйлык алат ", - деп табышмактуу сунуш киргизди. Ошентип Рим шаарындагы телекөрсөтүүдө иштеп калдым.

- Кыргыз тилинде италиялыктарга табышмак айта алдыңызбы? Жакшы сунуш болгон экен.

Кыргыз тилин телекөрүүчүлөргө (бир жумада бир жолу чыккан телеберүү) тааныштырыш үчүн ар бир дем алыш күн сайын чыгып жаттым. Телекөрүүчүлөрдөн телефон чалып, кыргыз тилин оңой менен таппай жатышып, аягында бир италиялык таап, акчалай сыйлык утуп алды. Ал инсандан алып баруучу айым: "Кантип таптыңыз?" деп сураганда, ал киши: "түркмөн досум жардам берди" деп жооп берген. Кыргыз тили редакцияда иштегендерге жагып калып, 2010-жылы да мени телеберүүгө чакырышкан. Ошондо эне тилиме чоң маани беришти деп абдан кубангам. Мекендештерим, мугалим Миргүл Өмүралиева жана актриса Аида Өмүрбекова мага жардам берип турушту. Башка телекөрсөтүүлөргө да фигурант катары катышып жүрдүм. Мурда радио, телекөрсөтүүдөн гана ырдаганын угуп жүргөн ырчылар Аль Бано,Тото Кутуньо менен тааныштым. ошондой эле ар түрдүү тармакта иштешкен инсандар менен баарлашып турчумун.

- Учурда Италиянын кайсы шаарында жашайсыз? Мекендештериңиз менен чогулуп турсаңыздар керек.

- Мен азыркы учурда Фолиньо деген анча чоң эмес шаарда жашайм. Мекендештерим менен кез-кезде жолугушуп турам. Мага алардын кайраттуулугу, кең пейилдиги жагат. Алардын баары иштеп үй-бүлөсүнө, ата-энесине акча каражатын жиберип турушат.

Мен ушул шаарда "Casa dei popoli " деген Эл аралык уюмда иштедим. Ал уюмга италиялыктардан тышкары, дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан келген улуттар мүчө болуп киришкен. Алар Сириядагы жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан согуштан качып келгендерге жакшы шарт түзүп берүү, тил үйрөтүү, ар бир улуттун кечесин өткөрүү иштерин алып барат.

Кыргыз өлкөсүнүн кечесин өткөрдүк. Кыргыз өлкөсү тууралуу видео, комуз күүлөрүн, улуттук кийимдерибизди көрсөтүп, улуттук тамагыбыздан ооз тийгиздик. Валтопина деген шаарда Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан саймачы Нагима Аламанова айымды катыштырдык.

Саймачы айым сынактан биринчи орунду алып, президент Мария Манчинин жана шаар мэринин колунан грамота жана баалуу белектерди алды. Регионалдык теле жаңылыктарына макталып чыкты. Албетте, бул окуялар биз үчүн чоң кубаныч болду.

Мындан тышкары, майда иштерди да аткардык. Мисалы, кыргыз жомогун италян тилине которуп, кичинекей балдарга окуп бердик. Кыргыз жомогун мага жазып жиберген инсанга ыраазычылык билдирем. Жалпысынан айтканда Италияда жашап, иштеген мекендештерим кечелерди уюштуруп турушат.

Ал эми ишимди жакшы аткара албай ката кетирген күндөрүм да бар. Кыргыз өлкөсүнө аз да болсо салымымды кошойун деп Рахиля Жусупова жетектеген "Эрайым" Эл Аралык Аялдар Коомунун Европа боюнча консультанты болуп эки жыл иштедим. Ишке жөндөмдүүлүгүм анча эмес болуп, алган милдетимди жакшы аткара албай калдым. Болгону бир гана ишти жакшы аткарып бергендей болдум. Ушул күнгө чейин Рахиля айымдын алдында өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезип жүрөм.

- Кыргыз өлкөсүнө канча убакыт аралагында келип турасыз?

- Мекениме бир жарым жыл сайын барып, келип турам. Кымбаттуу апам, бир туугандарым менен баарлашып, андан соң өтүп кеткен жакындарыма багыштап куран түшүрүп турам. Өлкөмдөгү музей, театрларды көрүп, тууган-тааныштарыма жолугуп кубанычка бөлөнөм. Италиядан болсо күн сайын апам, бир туугандарым менен интернет аркылуу байланышып турам. Апамдын жанында болуп, күн сайын жардам берип, сыйлап, ардактап турушкан бир туугандарыма алкыш айткым келет.

- Италиядан башка дагы жерлерди кыдырсаңыз керек?

- Ооба, бир топ жерлерди кыдыргам. Ар бир адамдын каалаган максаты бар эмеспи. Мен музейлерге, театрларга барганды, тоого чыкканды, айыл-кыштактарды, шаарларды кыдырганды жакшы көрөм.

- Атаңыз айтылуу акын Байдылда Сарногоев тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Атам Байдылда Сарногоев кең пейил инсан эле. Ыр жазгандан сырткары комуз черткенди абдан жакшы көрчү. Кайгылуу күү черткенден кийин көпкө чейин биз менен сүйлөшпөй, иш бөлмөсүндө отура берер эле. Балким терең ойго батып, башынан өткөн бир кайгысын ойлоп жатса керек деп калчумун. Шаңдуу күү черткенден кийин бизди чакырып, ар кандай жанды жыргаткан сөздөрдү айтып берчү. Мындан улам атакем күүлөрдү маанайына карап тандап чертет деп ойлоп калчумун. Атам экөөбүз анын иш бөлмөсүндө түшкөн сүрөттү таберик сүрөт деп эсептейм. Атакем ал убакта бир аз ооруп жүргөн.

Кыргыз өлкөсүнө барганымда атама улуттук кийимди кийгизип, өзүм дагы улуттук кийимимди кийип, атам менен түшкөн сүрөтүмдү көп карайм. Сүрөттөгү бөлмө атамдын ыр жазганда отуруп иштеген бөлмөсү болчу. Атамдын бөлмөсүндө китептер абдан көп болор эле. Анын иш бөлмөсүндөгү китептердин жанында жаткан керебети дагы боло турган.

Мен Италиядан барганда бир туугандарым менен атамдын иш бөлмөсүнө эшигин чертип кирип, ага жакшы сөздөрдү айтып, андан соң аны менен отуруп черибиз кангыча баарлашар элек. Маектешкен соң бирибиз атамдын бутун укалап, бирибиз тырмактарына педикюр кылып, бирөөбүз чач тарач болуп атамды эркелетип калчубуз.

Апам дайыма атама жакшы тамактарды жасап берүүгө аракет кылчу. Аны менен кошо биз дагы атамдын көңүлүн алганга абдан катуу аракет кылат элек. Үйгө атамдын көп достору келип турар эле. Атамды эл унутпайт. Мындан улам мен кыргыз элине абдан ыраазымын.

Кымбаттуу апамдан баштап, атамдын көңүлүн көтөрүп турушкан бир туугандарыма, үйгө келип ал-акыбал сурап турушкан туугандарга, элге алкыш жана таазим!

- Атакеңиз сизге арнап дагы ыр жазса керек?

Ооба, албетте, атакемдин мага арнап, бата иретинде жазган ыры бар.

Кайда жүрсөң эсен бол,

Кайраттуу бол, бекем бол.

Акыл калчап ойлонуп,

Айтчу сөзгө чечен бол.

Ден соолугуң чын болсун,

Баскан жолуң шыр болсун.

Жүзүн жаркын ар дайым,

Жүргөн жериң сый болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Avrora2017
2019-10-01 17:56:34
Абдан сонун интервью болуптур
+8
Romantik.
2019-10-01 18:09:48
Жесдебиз Италянец болобу?
-5
rysik79
2019-10-01 18:14:54
Жат жерге султан болгончо оз элине ултан бол.
-9
Aidar.001
2019-10-01 20:01:54
rysik79,колунан келсе клавиша менен орок ор!
+13
Munar8625
2019-10-01 22:50:05
Aidar.001,ха ха туура колундан келсе
К...к менен айран чал.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-01 22:46:29
Маанилүү интервью бериптир, билимдүү баарыбир билимдүү!
+6
raykray
2019-10-03 02:07:50
Эх кымбаттуу апам деп)
0
Sezimim...
2019-10-04 11:05:39
Жакшы маек, маанилуу создор...Корбогондун коргону курусун болуп азыр кичине башы которулгон адамдан маек алса , "жасалма создор, жасалма ойлор...баары жасалма".
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан