Жалал-Абад. Токтогул районуна асфальт-бетон заводу курулууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна түркиялык насыянын эсебинен асфальт-бетон заводу курулууда. Учурда ишкананын жабдуулары алынып келинип, аларды орнотуу иштери жүрүп жатканын аталган райондун акиминин биринчи орун басары Майорбек Сатымкулов билдирди. Айтымында, 1 даана бульдозер, 1 даана автогрейдер жана жүк ташуучу унаа да алынып келинген. "Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан долбоор жазылып, жабдуулар ошонун негизинде келди. Токтогул районундагы ички жолдордун абалы начар. Завод ишке кирсе, 2014-жылдан баштап райондун ички каттамындагы жолдор оңдоло баштайт",- деди Сатымкулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан