Кыргыз спортчусу Адилет Камчыбеков Япониянын Токио шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча Дүйнө Кубогунда коло медаль тагынды. Мелдеш 25-27-сентябрь күндөрү өткөн.
Камчыбеков 107 килограмм салмакта күч сынашып, 175 килограмм штанганы көтөргөн. Жыйынтыгында 3-орунга татыган.
Дүйнө Кубогуна Кыргыз өлкөсүнөн Максат Аргымбаев жана Жыргалбек Оросбаев да катышып, медалга илинген жок.