Япониянын авиакомпаниялары жүргүнчүлөрүнө борттогу балдардын орундары тууралуу алдын ала маалымат бере баштады. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Авиакомпаниялар мындай чечимди кабыл алуусунун себебин "башка жүргүнчүлөр жанында бала кошо учарын билүүгө укуктуу" деп түшүндүрүшкөн. Орунду онлайн аркылуу ээлеп коюуда 2 жашка чыга элек балдар кайсы жерде отурары белгилене баштады. Мындай функциялар "Japan Airlines" жана "All Nippon Airways" авиакомпанияларында ишке кирген.
Мындай жаңы функция Рахат Ахмед аттуу жүргүнчүгө жагып калып, "Qatar Airways" авиакомпаниясынан ушундай тартипте иш алып баруусун суранган. "13 сааттык каттам учурунда менин жанымда үч бала ыйлап келди. Бул функция бардык авиакомпанияларга эреже болушу керек" деп жазган ал.
Ыраазычылык айткандар болгону менен япон авиакомпанияларын сындагандар да бар. "Авиакомпаниялар балдарга карата чыдагыс мамилесин көрсөтүүдө. Башка жүргүнчүлөр сабырдуу болушу керек" дешүүдө.