Ысык-Көл ОИИБинин тергөө бөлүмү 10-августта Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда катталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Белгилүү болгондой, 10-август күнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаа жол четинде топтолуп турган журналисттерди сүзүп кеткен. Журналисттер “Ысык-Көл Гран-При” веложүрүшүнүн катышуучуларын күтүп турушкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 журналист жана 2 жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилди. С.Усубакуновдун айтымында, учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, журналисттерди сүзгөн унаанын айдоочусу мас эмес экендиги белгилүү болду. “Эми автотехникалык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, анын бүтүмүнүн негизинде кылмыш иши козголот”,- деди ал.