АКШнын Өкүлдөр палатасынын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо процедурасын баштоо чечимин америкалыктардын 47 пайызы колдоду. Бул үч ай мурункуга салыштырмалуу 12 пайызга көбүрөөк. Сурамжылоону "The Hill" басылмасы менен "HarrisX" изилдөө компаниясы жүргүзүп, анын жыйынтыгын чет жердик ЖМКлар жарыялашты.
Импичмент жарыялоону америкалыктардын 47 пайызы колдогону менен 42 пайызы колдобой турганын, ал эми 11 пайызы бул суроого жооп бере албай турганын билдиришкен.
Басылма жазган маалыматка ылайык, АКШнын Демократиялык партиясында импичментти колдогондор 59 пайыздан 78 пайызга өскөнүн, Республикалык партияда бул көрсөткүч 13 пайыздан 18 пайызга жогорулаган.
Импичмент жарыялоо керектиги Дональд Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин башталган. Анда АКШнын президенти Украинадагы "Burisma" газ компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөөнү сураган.