Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" Ошто "Алайды" жеңип алды

28-сентябрда Кыргыз Премьер-Лигасынын 23-турдук оюндары болуп өттү. Анда турнирдик жадыбалдын сап башында келе жаткан "Алай" менен 2-орунда келе жаткан "Дордой" Ошто кез келди.

Аталган оюн чемпиондуктун тагдырын чече турган беттештердин бири болду. Кайсы команда бул беттеште 3 упай алып кете турган болсо, анын чемпион болуу мүмкүнчүлүгү бир топ көбөймөк.

Оюндун 1-таймында эсеп сандары ачылган жок. 2-таймда Муролим Ахмедов эки гол жаратканга жетишсе, "Алай" Кожо Жоэлдин голу менен жооп кайтарды. "Дордойдун" чабуулчусу Вахыт Оразсахедов үчүнчү голду жаратып, беттештин жеңүүчүсүн аныктап койду. "Алай" - "Дордой" - 1:3.

"Дордой" 48 упай топтоп, 50 упай топтогон "Алайга" дээрлик жетип келди. Бишкектик команданын ойной элек дагы эки беттеши бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kamchatka
2019-09-29 12:15:53
Дайым еле женетго Алай клубду жоюп еле салгылачы Ошту уят кылбай
0
Dembele84
2019-09-29 12:42:07
kamchatka,Дайыма эле Дордой менен тен тайлашып,кубокпу чемпионатпы баарында Алай туруштук берет Дордойго,Алай жок болсо Дордой жылда чемпион болуп футболдун кызыгын кетирмек
+1
kamchatka
2019-09-29 13:45:18
Dembele84,качан болсо дордойдон женилир басып журушот
-1
Migrant-rf
2019-09-29 14:25:57
kamchatka, Кубокто эле жеңилбесе, чемпионтта деерлик Алай дордойду 4-0 гө чейин жеңип аткан, дордойго көптөн бери эми жеңиш буйруптурда!
+1
Mister-X
2019-09-30 11:54:10
kamchatka,Дордойго женилсе да упай боюнча алдыда болуп жатпайбы. Алайда 50 упай, Дордойдо 48 упай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан