Эстонияда эреже бузган айдоочуларга акчалай эмес, убакыт менен айып салына баштады

Эстонияда белгиленген ылдамдыктан ашып айдаган айдоочулар үчүн жаңы жаза ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазат.

Анда ылдамдык эрежесин бузган айдоочуларга акчалай айып же "эс алдыруучу" токтотууну тандоо укугу берилет. Маалым болгондой, мындай эксперимент 26-сентябрда Таллин-Рапла автожолунда жүргүзүлгөн. Полиция кызматкерлери белгиленген ылдамдыктан саатына 10-20 чакырым ашырган айдоочуларга 45 мүнөт, 21-40 чакырымдан ашып кеткен айдоочулар 1 саат жол четинде туруусу керек болгон.

Шашып бараткан айдоочулар үчүн мынчалык убакыт күтүү катаал жаза катары кабыл алынган. 17 эреже бузган айдоочулардын арасынан жетиси гана бул жазаны тандаса, калганы акчалай айып төлөшкөн.

"Көпчүлүк айдоочуларга протокол түзүү кыжырды келтирет. Андыктан аларды акчалай эмес, убакыт менен айып салууну ишке ашырып көрөлү дедик", - деп билдирет Полиция департаменти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
PROS
2019-09-29 12:32:26
Бизде ошентсе жолдун жээги машинеге толуп кетсе керек чиркин)))
+21
jugorsk
2019-09-29 18:51:58
Биз ошентседа бир шылтоону табабыз анткени кыргызбызда
+2
Suzak12
2019-09-29 18:58:57
Бизде андай кылса миллицияларга шабашка тушпой калат.
+3
KAYRATBEK
2019-09-29 20:35:57
Эстония мамлекет акчага зар эмес бизге адамдардын коопсуздугу маанилуу дептир. Бизде 100% тетири. Биздин мамлекет адамдардын коопсуздугу эмес адамдардын чонтогу маанилуу деген тушунук болуп жатат.
+2
al-abu-kinesz
2019-09-29 20:56:27
Бизде 10000 берсе водительдин ордуна оздору туруп бермек
-1
Komrad
2019-09-29 21:54:54
Эреже бузган 17 айдоочунун
+1
mirkaa5182
2019-09-29 22:35:39
Жакшы нерсе экен, бизге да ошондой закон киргизиш керек экен.
+1
munduz2016
2019-09-29 23:18:38
сөз жок
0
Baktyluumun98
2019-09-30 02:38:36
Ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан