Кытайда автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 36 адам каза болду

Кытайдагы Цзянсу провинциясынын Исин шаарындагы жолдо автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.

Жол кырсыгынын кесепетинен 36 адам каза болуп, дагы 36 адам ар кандай жаракат алышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткендиктен кырсык катталган.

Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча полиция иликтөөсүн баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан