Бишкек шаарында 10-август күнү 17 жаштагы кыз белгисиз жаран тарабынан зордукталган. Маалыматты 12-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлап, окуя боюнча милицияга 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ю.Р. арыз менен кайрылганын билдирди. Арыз ээсинин айтымында, 17 жаштагы жээнин 30-35 жаштагы адам зордуктаган. Бул иш боюнча Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан 34 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну П.А. кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.