Түркия парламентинин депутаты Ширин Уналдын үйүндө анын улгайган апасын карап иштеген өзбекстандык кыз каза болуп калды. Анын өлүмү сырдуу болуп жатканын чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, маркум Надира Кадырова 23 жашта болчу. Ал 24-сентябрь күнү эртең менен Анкарадагы ооруканада октон алган жаракатынан улам көз жумган. Ал өзүн-өзү атып алды деген версиялар айтылган. Тапанча депутат Ширин Уналга таандык болгон.
Бирок бул версияны маркум кыздын бир тууган агасы чындыкка коошпойт деп айткан. "Ал Түркиядагы жогорку окуу жайлардын бирине окууга тапшырам деп жүргөн, өз өмүрүнө кол салуусуна негиз жок болчу", - деген ал.
Айрым маалымат булактары Надира Кадырова өлүмүнөн бир күн мурун Лейла аттуу курбусуна билдирүү жөнөткөнүн жазууда. Анда ал "Жаман нерселер болуп жатат. Агамдын көзүнө кантип карайм, өлгүм келип жатат" деп жазган. Окуя болгон таңда депутат жана анын үй-бүлөсү үйүндө болгон. Бирок ал эч кимге комментарий бербей жатканы жазылат маалыматта. Бул боюнча Түркия прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Бирок Ширин Унал суракка алындыбы, макамы кандай азырынча маалыматтар жок.
Кыздын сөөгү мекенине жөнөтүлүп, жерге берилгени белгиленген маалыматта.