Казакстанда телефонун кубаттагычка сайып коюп уктап калган окуучу кызды ток уруп каза болду. Окуя Каратал районунун Бастобе айылында болгон. Бул тууралуу Казакстандагы жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда полицияга 14 жаштагы кыздын ата-энеси кайрылган. Жерине келген кызматкерлер окуучунун жанынан токко туташтырылган телефонду табышкан. Ошондой эле кыздын денесинде эч кандай күч колдонулган белгилер болгон эмес. Кийин медицина кызматкерлери кызды электр тогу урганын аныкташкан. Учурда полиция кызматкерлери кыз түн ичинде музыка угуп жатып уктап калып ток урган деген жыйынтык чыгарышууда.