Таиландда 17 студент жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-сентябрь күнү Таиланддын Самутпракан провинциясында болгон.
"Жол кырсыгына күбө болгон таксист полиция кызматкерлерине студенттер келе жаткан унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын айткан. Бир учурда унаа чукул бурулуш жасап, жолдун четиндеги мамыны барып сүзгөн. Кырсыктан улам 12 студент окуя болгон жерде каза болсо, 5 студентти жакын арадагы ооруканага алып кетишкен. Кийинчерээк ооруканадагы студенттер алган жаракатынан улам каза болгону аныкталган. Учурда полиция бардык видеого түшүп калган маалыматтарды текшерүүдө. Ал эми унаанын айдоочусу да жаракат алып, ооруканада жатат, ал абалы туруктуу болгондо суракка чакыртылат", - деп жазылат маалыматта.