Дагестандагы үлпөт той дүйнөлүк рекордду багындырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дербент шаарында бир убакта 30 түгөй никеге туруп, үлпөт тойго 10 миңдей коноктор күбө болушту. Жаш түгөйлөр Дагестанда жашаган 16 улуттун өкүлдөрүнөн куралган. Эң жаш жубайлар 19 жашта. Мындан тышкары, ушул эле күнү түтүн булатканына 60 жыл болгон түгөйлөр "бриллиант тоюн" өткөрүштү. Иш-чара дароо эки дүйнөлүк рекордду багындырды. Алар көп улуттуу үлпөт той жана эң көп коноктор катышкан үлпөт той болду. Бул жетишкендик "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды.