Индияда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 4 күн ичинде 100 адам каза болду

Индияда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 4 күн ичинде 100 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш жана Бихар штатында катуу жааган жаандын айынан акыркы 4 күн ичинде темир жол жана автоунаа кыймылдарына кесепети тийип, бир канча мектептер жабылган. Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен улам каза болгондордун саны 100гө жетти. Бихар штатында поезддин 13 рейси токтотулган. Мындан сырткары, Бихар штатынын Патна шаарында катуу жамгырдан улам 1-октябрга чейин мектептердеги окуу токтотулган. Бул эки штатта жана жабыр тарткан райондордо 18 куткаруучу отряды тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан