11-август күнү милицияга К.А. аттуу бишкектик жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ушул эле күнү саат 03:00 чамасында Жибек Жолу - Чымкент көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз бирөө күч колдонуп 100 доллар, 3000 тенге, 800 сомун жана “Nokia” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, кылмышка шектүү деп М.М. аттуу Нарын шаарынын 38 жаштагы тургунун кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.