Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы атышуу боюнча Чүй ОИИББи төмөнкүчө маалымат таратты.
"28-сентябрь күнү Орок айылында үйлөнүү той болгон. Тойдо Орок жана Жал айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Мындан улам Жал айылынын жашоочусу өзүнүн айылдаштарын чогултуп, Орок айылынын тургундары менен сүйлөшмөкчү болушат.
30-сентябрь күнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине октон жаракат алган эки жаран келип түшкөнү маалымдалган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяны такташкан. Анда 29-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Орок айылынын көчөлөрүнүн биринде Жал жана Орок айылынын тургундарынын ортосунда мушташ чыгып, белгисиз куралдан ок чыгарылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.