Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылындагы эс алуучу жайлардын биринде 4 жана 6 жаштагы балдар сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында болгон.
"Сууга чөгүп кеткен эки бала ата-энеси менен бирге эс алууга келишкен. Алар бассейиндин жанында ойноп жатып сууга чөгүп кетишкен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми балдардын ата-энелери медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты", - деп билдирет басма сөз кызматынан.