Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь Жогорку Лигасынын жылдызына айланды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун жогорку лигасынын 23-турундагы эң көп талкууга алынган оюнчулардын бири болду.

Алыкулов ойногон "Неман" клубу отчёттук турда "БАТЭ" клубу менен конокто кез келип 0:1 эсеби менен жеңилген. Бирок оюн аяктаган соң күйөрмандар оюндун жыйынтыгын эмес, Гүлжигит Алыкуловдун атаандаштарынын жарымынан өтүп, топту өнөктөшүнө узатканын талкууга алышкан.

Бул оюндан соң Гүлжигит Беларустагы басылмалардын мактоосуна татыган:

euroradio.fm - "Неманда" өзүнүн Мессиси бар, кантип топту бүт талаадан алып өткөнүнө көңүл буруңуздар.

18 жаштагы "Немандын" легионери, Кыргыз өлкөсүнүн футболчусу Гүлжигит Алыкулов "БАТЭнин" жарым оюнчуларынан топту алып өтүп, атаандаштын дарбазасынан башка оюнчуга топту берди. Бирок ал мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок.

naviny.by - "Немандын" жарым коргоочусу "БАТЭнин" жарым курамын утуп алды.

Кыргыз өлкөсүнүн футболчусу Гүлжигит Алыкулов талаанын баарынан өтүп, гол киргизе турган мүмкүнчүлүк түзүп берди, бирок өнөктөшү гол киргизе алган жок.

sport.tut.by - Бул жигитте Мессинин деми бар! "Немандын" кыргыз легионери "БАТЭни" шамалдай утту.

Беларусь чемпиондугунун 23-турунда "Неман" клубунун оюнчусу жаш кыргыз Гүлжигит Алыкулов "БАТЭнин" оюнчуларынын жарымынан топ алып өтүп, мастер-класс көрсөттү. Тилекке каршы анын өнөктөшү мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок.

pressball.by - Гулжигит Алыкулов жаш Месси, атаандаштардын оюнчуларынын жарымын утуп, гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Жаш Месси аталган "Немандын" жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов айып учурунан "БАТЭнин" дарбазасына чейин барып, эң мыкты узатуу жасады бирок өнөктөшү гол киргизе алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mambetali
2019-10-01 08:37:42
Кудай сактасын эми бул дагы башка олконун жарандыгын алып албаса эле болду... Азаматсын
0
tynar92kg
2019-10-01 09:37:24
Кыргызстангада ушундай ойноп беришинди кутобуз Гулжигит сенден...
+5
raikakyz
2019-10-01 11:00:55
Сонун мумкунчулукту тузгон экен жигит,гол киргизген колдон чыгарыптыр да.
0
KAYRATBEK
2019-10-01 16:06:06
Фудболчуларды коп коп чет олколорго чыгарыш керек. Тажрыйба топтошот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан