Ырчы Нуркыз Кожоновага сүйүктүүсү сөйкө салды

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучусу, ырчы Нуркыз Кожонова сөйкө салынды. Мындан 4-5 күн мурда ырчынын сүйүктүүсү колун сурап, "жубайлыкка макулмун" деген жообун алган. Бүгүн, 30-сентябрда түгөйлөрдүн ата-энелери жолугушуп, Нуркыз айымга болочоктогу кайненеси сөйкө салды.

"Долбоордон келгенден кийин жигитим романтикалык кечеге чакырып, колумду сурады. Бүгүн, 30-сентябрда жигитимдин ата-энеси менен менин ата-энем болуп жолуктук. Болочоктогу кайненем сөйкө салды. Алдын ала калың беришти. Ал эми кыз узатуу жана үлпөт тойдун күнү белгилене элек.

23-октябрда Бишкек шаарында жеке концертимди өткөрөм. Концертти өткөрүп алгандан кийин турмушка чыгууга камданам", - дейт ал.

Нуркыз Кожонова Ысык-Көлгө келин болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nargiz-sa
2019-09-30 19:09:33
Чынгыз Турдубеков эмес беле суйуктуусу
+3
muslima-0788
2019-09-30 21:44:27
ким бул кыз
+4
Margana93
2019-10-01 08:41:49
Оа Чыңгыз Турдубеков элего
+2
souza.j
2019-10-01 12:04:21
Фотодогу эжелердей болуп кетет экен да тийгенден кийин. Бактылуу болгула эми .
0
Kuyoo_bala
2019-10-01 13:53:12
Оххх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан